ШКУга мүчө болууга 19 өлкө арыз берди

Шанхай кызматташтык уюму 19 өлкөнүн уюмга кошулуу же статусун өзгөртүү тууралуу арызын карап жатат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев «Известияга» берген маегинде билдириди.

«Азыркы учурда 19 өлкө уюмдагы статусун өзгөртүү же мүчө-мамлекет, өнөктөш же байкоочу катары кошулуу боюнча арыз берген. «ШКУ коомчулугу» буга чейин 27 мамлекетти түзгөнүн эске алсак, бул уюмдун жагымдуулугу жогору экенин, анын максаттары жана милдеттери дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин кызыкчылыктарына дал келерин айгинелейт», — деди башкы катчы.

Белгилей кетсек, быйыл ШКУнун саммити Кытайдын Тяньцзинь шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин өттү. Ага 20дан ашык мамлекеттин жетекчилери жана 10 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты. Саммиттин жыйынтыгында кызматташуу боюнча 15 документке кол коюлду.

24 Сентябрь 2025 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча