Сокулук районундагы Сокулук – Белогорка жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл мамлекеттик салымдар беренесинин эсебинен жалпы 2,1 чакырым аралыкты асфальттоо каралып, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүрдү.
Белгилей кетсек, жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылды.