
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Сокулук районундагы Алымкул Жакшылыков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын 450 орунга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулуш иштери менен таанышты.
Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, азыр колдонулуп жаткан имараты 750 орунга гана эсептелгени менен учурда мектеп-гимназияда 2400дөн ашуун окуучу билим алат.
Натыйжада республикалык бюджеттен 45 млн сомго жакын каражат каралып, 2016-жылы 450 орунга ылайыкташкан кошумча имаратынын курулушу башталган. Бирок, 2017-жылы эле курулуш иштери токтоп калган. Ал эми өткөн жылы дагы 22 млн сом, быйыл дагы кошумча 5 млн сом каражат бөлүнүп, имараттын курулушу уланууда. Бүгүнкү күндө долбоордун 25%ы аяктаган.
Төрага 9 жылдан бери бүтпөй, кечеңдеп жаткан иштердин кесепетин окуучулар тартпашы керектигин айтып, коштоп барган жетекчилерге курулуш жумуштарын тез арада бүткөрүү талабын койду.
Ошондой эле ал мектептин жамааты менен баарлашып, мугалимдерге тиешелүү шарттар түзүлүш керек экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Нурланбек Тургунбек уулун Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев менен Винера Раимбачаева, ошондой эле агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер коштоп барды.