Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 6-декабрда өкүм чыгарганы 9-декабрда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, сот Райымбек Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салды. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып материалдык зыянды төлөгөндүктөн, эркинен ажыратылган эмес.
Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келип, УКМКнын тергөө абагына камалган. 11-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыккан.
Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен да кылмыш иши козголгону айтылган. Бул иштер эмне болгону тууралуу маалымат жок.