Советбек Рустамбек уулу ЖК депутаты болду

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын Советбек Рустамбек уулуна өткөрүп берди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Советбек Рустамбек уулу ЖК депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Мандатын тапшырган Эмилбек Жусуповдун ордуна Советбек Рустамбек уулу «Ишеним» фракциясынан депутат болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Ал 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген.

22 Апрель 2024 жыл 12:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча