Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Судьялар кеңеши Чүй облустук сотунун К.У.Ж. жана А.Т.А аттуу судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Судьялар кеңеши Башкы прокуратуранын аталган судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун 3-июлда караган.

Кеңештин мүчөлөрү Тартип комиссиянын баяндамасын угуп, Башкы прокуратуранын сунушун канааттандыруу жана президентке аталган судьяларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш жиберди.

Маалыматка ылайык, кеп болуп жаткан судьялар Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (“Кошо катышуу түшүнүгү”), 343-беренеси (“Пара алуу же коммерциялык сатып алууга чагымчылык”), 342-беренеси (“Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо”) жана 337-беренеси (“Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишине тоскоолдук кылуу”) менен айыпталып жатат.

Жогоруда аталган К.У.Ж. жана А.Т.А деген инициалдарга Чүй облустук сотунун сайтындагы Калыбеков Улукбек Жолдошевич менен Абдырашитов Тилек Арстанбекович аттуу судьялардын аты-жөнү дал келет.

4 Июль 2024 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча