Султанбай Айжигитов депутаттык мандатынан ажырады

Бүгүн, 28-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартуу маселесин карады.

Депутаттын талапкерлигин каттоодон баш тартууга УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусу негиз болгон. УКМКнын маалыматы боюнча, 2018-жылы Султанбай Айжигитовго карата бейбашчылык боюнча айып тагылып, эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынган. Кылмыш иши Сокулук райондук сотуна жөнөтүлүп, ал 2020-жылы аны күнөөлүү деп тапкан жана бул өкүм 2021-жылы өзгөргөн эмес. Сот аны күнөөлүү деп тапкан, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

Жыйында Айжигитовдун каттоосун жокко чыгарып, депутаттык мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.

Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп «Ыйман нуру» партиясынан шайланган.

28 Март 2025 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча