Султанбеков, Карамушкина, Түрксевер 3 жылдык пробация менен абактан бошотулду

24-апрелдин кечинде «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды. Абактан чыккандардын жакындарынын айтымында, бейшемби күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаган.

Сотто Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин билдирген. Жакындары соттун чечими күтүүсүз болгонун айтууда.


Бир күн мурун Темирлан Султанбеков судья күбөлөрдүн катышуусу жок эле алардын берген көрсөтмөсүн окуй баштаганын билдирген.

Анда судья күбөлөрдүн өзүн сурап, берген көрсөтмөлөрү анык экенин изилдеши керектиги белгиленген. Мындан тышкары, сот айыпталуучуларды суракка ала баштаганын, бирок алгач алар соттук териштирүүнүн аягында сурала турганы айтылган.

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

25 Апрель 2025 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча