
Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти Суусамыр өрөөнүндөгү дыйкан фермерлердин киреше булактарын диверсификациялоо жана органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү максатында маанилүү кадам таштады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул демилгенин алкагында органик-фермер Жанар Алгожоевага сүйлөшүү жолу менен 11 гектар жер аянты бөлүнүп берилип, анда бир катар дары чөптөрдү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн органикалык жол менен өстүрүү иштери башталды.
Атап айтканда, төмөнкү өсүмдүктөр отургузулду:
расторопша: 4,5 гектар;
лён (зыгыр): 3 гектар;
кычы: 2 гектар;
укроп: 0,25 сотых;
сабиз: 0,25 сотых;
эчки жалбырак (Козлятник): 1 гектар.
Бул долбоор сыноо иретиндеги пилоттук долбоор катары каралууда. Эгерде өстүрүү иштери күтүлгөн натыйжаларды берип, ийгиликтүү болсо министрлик келерки жылдары Суусамыр өрөөнүндө дары-чөптөрдү өстүрүү технологияларын кеңейтүүнү жана бул багыттагы иштерди колдоону пландаштырууда.
Демилге Суусамыр өрөөнүнүн экономикалык потенциалын жогорулатууга, жергиликтүү калктын кирешесин арттырууга жана Кыргызстанда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп күтүлүүдө.