Сузакта 13 жаштагы кыздын бутун чөп чапкыч кесип кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жазды.
«23-август күнү саат 19:30 чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын талаасында 13 жаштагы кыз ата-энеси менен жүгөрү терип жаткан учурда, ошол жерде иштеп жаткан трактор косилкасы менен кокусунан байкабай калып, кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен. Бул окуя Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» болуп катталып текшерүү иштери башталган. Окуя боюнча кыздын атасы эч кимге арыз доосу жоктугун бидирип соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан»,- дешти.
«Турмуш» басылмасы ажырап калган бутту дарыгерлер тиккенин жазып чыкты.