
Кыргызстандыктар MBANK тиркемеси аркылуу санариптик документтерди жана мамлекеттик кызматтарды: ID паспортун, айдоочунун күбөлүгүн, унаанын каттоо күбөлүгүн жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Кызмат «Түндүк» @tunduk_office мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги @digital.gov.kg менен биргелешкен иштин аркасында мүмкүн болду.
Учурда MBANK’та 50гө жакын мамлекеттик акысыз кызматтар бар. Ошол эле учурда «Мамлекеттик кызматтар» сервиси толугу менен акысыз көрсөтүлөт.
Кызматты колдонуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:
«Мамлекеттик кызматтар» сервисине өтүңүз;
«Түндүк» бөлүмүн тандаңыз.
Сиз биринчи жолу киргенде, авторизациядан өтүп, «Түндүк» (БИС*) үчүн сырсөздү киргизишиңиз керек. Баштапкы авторизациялоо үчүн булуттук электрондук кол тамгасын алышыңыз керек, муну MBANK’та «Электрондук кол тамга» кызматы аркылуу жасоого болот.
Андан соң, сиз Telegram, электрондук почта же SMS аркылуу кодду алуу ыкмасын тандап, андан кийин жогорудагы ыкмалардын биринде алынган кодду киргизүү менен ырасташыңыз керек.
MBANK (БИС*) PIN-кодун киргизиңиз.
*БИС — Бирдиктүү идентификация системасы
MBANK менен Түндүктө санариптик документтерди жана мамлекеттик кызматтарды алуу оңой болуп калды!
MBANK — Биринчи санарип!