Түркияда тез жардамдын тик учагы оорукананын имаратына кулап түштү

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тик учагы өлкөнүн түштүгүндөгү Мугла шаарында изилдөө ооруканасынын имаратына кулап түшкөнүн Habertürk телеканалы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен учкуч жана үч фельдшер каза болгон.

Кырсык бүгүн эртең менен болгон. Анда медициналык тез жардамдын тик учагы оорукананын 4-кабатын сүзүп, андан кийин жерге кулаган. Айрым маалыматтар боюнча ошол маалда шаарды коюу туман каптап жаткан.

24 Декабрь 2024 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча