
Түштүк Африка Республикасында (ТАР) жааган катуу кар жана жаан-чачындардын кесепетинен кеминде 49 адам каза болду. Бул тууралуу “Аль-Жазира» агенттигине шилтеме берип Коммерсант.ру жазды.
Катуу жаан-чачын жана кар жаашынан улам Чыгыш Кейп провинциясында сел жүрдү. Провинциянын губернатору Лубабало Оскар Мабуяне билдиргендей, сел мектеп автобусун алып кетип, андагы жогорку класстардын 6 окуучусу каза болуп, 4 окуучу дайынсыз болууда, ал эми 3 бала куткарылган.
Ошондой эле губернатор жамгыр жана кар жер көчкүлөргө себеп болгонун кошумчалады. Бул кырдаал көптөгөн унаа жолдордун жабылышына жана чоң жол тыгындарына алып келди.
ТАРдын түштүк жана чыгыш бөлүктөрүндө жүз миңдеген үйлөр жарыксыз калды, ал эми 500дөй адам үйсүз калып, убактылуу баш калка жайларына жайгаштырылды деп айтылат маалыматта.