
Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жалпы аянты 16,5 га жер тилке (балык чарба) арзан баада мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Талас облусунун аймагындагы мыйзамсыз берилип кеткен жерлер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында Боо-Терек айылында Талас балык чарба мамлекеттик ишканасына тийиштүү жалпы аянты 16,5 га көлмө соттун чечими менен аукцион аркылуу мыйзамсыз сатылганы аныкталды.
Аукционду уюштуруу жана көлмөну сатуу иштерине шектүү катары УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан төмөндөгү мамлекеттик кызматкерлер аныкталып кармалышты:
Иликтөө иштерин жөнгө салыш максатында, жогорудагы адамдар Талас облустук ИИМ убактылуу кармоо жайына 1 айга камакка алынышты.
Тактап айтканда, алар өз кызыкчылыктары үчүн аталган көлмөнү 874 500 сомго арзан баалап, мыйзамсыз сатып жиберишкен.