Талас облусунда ишкер айымдарды колдоо жана алардын коомдогу ордун даңазалоо максатында «Ишкер айым – бактылуу жашоо» аталышындагы салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Талас ишкер айымдар борборунун жетекчиси Нурзат Өмүрканованын демилгеси менен уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу жана «Альянс Алтын» компаниясынын демөөрчүлүгү астында жогорку деңгээлде өттү.
Салтанаттын алкагында жыл ичинде Талас облусунун экономика, маданият, билим берүү жана башка тармактарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле ишкерликти илгерилетүүгө активдүү катышкан айымдарга ыраазычылык каттар тапшырылды. Мындан тышкары, Талас облусундагы «Жылдын мыкты ишкер айымдары» аныкталып, Дипломдор менен сыйланды.
Иш-чаранын катышуучулары уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындай демилгелер аймактагы ишкер айымдардын ишине дем берип, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерин белгилешти.







