Таласта күчтүү таасир этүүчү дары ташыган жаран кармалды

Таласта күчтүү таасир этүүчү препараттар алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан психотроптук заттардын ири партиясын мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталган.

Натыйжада Талас шаарында 34 жаштагы К.У. Э. аттуу жарандан курамында психотроптук заты бар күчтүү таасир этүүчү 46 455 капсуладагы препараттар табылып алынган.

Аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

9 Июль 2025 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча