Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтматов районуна караштуу Жон-Дөбө айылында бүгүн, 22-январда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, Р.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырын учуруп кеткен.

Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды такташууда. Жабыркагандар жок.

22 Январь 2025 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча