Талас облусунун Айтматов районундагы Жоон-Дөбө айылында Т.Жумагулов атындагы маданият үйү капиталдык оӊдоодон өтүүдө.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, оңдоо иштери 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, учурда оңдоо ишеринин 81 пайызы аткарылды.
Белгилей кетсек, маданият үйү 1965-жылы курулган. Соңку ирет 2013-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.