
Талас облустук милициясы 10 жылдан бери издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2013-жылдын август айында Кара-Буура районунун тургуну 1981-ж.т. Д.А. аттуу жаран Манас районунун 1982-ж.т. тургунунан “Мерседес-Бенц-230” үлгүсүндөгү автоунаасын 8 000 АКШ долларына баалап алып, бирок акчаны бербей качып кеткен. Бул окуя боюнча Манас РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинини 166-статьясы (Алдамчылык, 1997-жылдагы редакция) менен кылмыш иши козголгон.
Бирок Д.А. тергөөгө келбей, изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2015-жылдын ноябрь айында издөө иши ачылып, баш коргоо чарасы камак түрүндө тандалып алынган.
2025-жылдын 1-февралында Талас ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Д.А. Бишкек шаарынан кармалып, Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.