Таласта жаңы «Эл Аман» дарыканасы ачылды

Бүгүн Талас районунун Чат-Базар айылында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дарыкана Жалпы дарыгерлик практика борборунун базасында ачыды.

Бул Талас аймагында ачылган алтынчы «Эл Аман» дарыканасы болду. Ал эми республика боюнча мындай дарыканалардын саны 96га жетти.

20 Декабрь 2024 жыл 17:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча