
Талас шаарынын четиндеги Ак-Калпак конушунун тушунда, Суусамыр-Талас-Тараз жолунда 15-январдагы кырсыктан эки адам каза болуп, беш киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, “Хонда Одиссей” менен “Фольсфаген Пассат” улгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жабыркагандардын тек-жайы такталып жатат.