Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев армияда кызмат өтөөдө чоңсунуу жана уруп-сабоо болбошу керектигин, мындай окуя болгон учурда жетекчилер да кошо жазаланарын эскертти. Бул тууралуу ал 25-декабрда Сузакта “Барпы” чек ара тозотунун жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.
“Командирлер, күнү-түнү көзүңөрдү албай, карагыла. Эгерде аскерлерден жана алардын ата-энелеринен кайрылуу түшсө, силер жазага тартыласыңар. Туура, аскерди тарбиялап, даярдаш керек. Бирок ушунун баарын уставдын чегинде жасоого мүмкүнчүлүк бар”, — деди Ташиев.
Ал мурда аскерлерди жеке жумуштарга, айыл өкмөттүн, командирлердин ишине тарткан учурлар болгонун, эми мындайга жол берилбей турганын кошумчалады.