Ташиев Көлбаевди жок кылуу чечими тууралуу айтты (видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаевди жок кылуу мамлекет үчүн кабыл алынган чечим болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин жана коллеждердин кызматкерлери менен 16-январда өткөргөн кеңешмеде айтты.

Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор күчөп, өлкө боюнча бардык бийликтерге тамырын жайып кеткенин белгиледи.

«Уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик системага окшош эле системасы болгон. Өздөрүнүн президенти болгон, мыйзамдагы ууру жана башкалар облустарда, райондордо, шаарларда ишкерлерден акча чогулткан. Ошондуктан мамлекет үчүн «мыйзамдагы ууруну» жок кылуу чечимин кабыл алууга туура келди. Кийин анын башка мүчөлөрүн да жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду», — деди Ташиев.

17 Январь 2025 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча