
Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түз эфирге чыгып жасаган билдирүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, эрежесиз мушташ спорт эмес жана ал жаштарга туура эмес үлгү көрсөтүүдө.
«Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Ага катышкан спортчулардын көбү 40, 50 жаштан кийин майып болуп калат. Бул спорт эмес, жөн гана мушташ. Учурда машыгып жүргөндөр спорттун олимпиадалык түрлөрүнө өтүшсүн. Мушташ күчтүү болууга умтултуп, жаштар үчүн туура эмес үлгү болууда. Бул мусулманчылыкка деле туура келбейт. Биз билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө басым жасашыбыз зарыл. Жакшы келечек куруу үчүн ушул сыяктуу терс илдеттерден арылуу кажет», — деди Ташиев.