УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогору Кеңештин жыйынында Раим Матраимов мамлекетке 19,5 млрд. сом төлөп абактан бошотулганын айтты.
Анын айтымында, Матраимов төлөгөн каражат абдан чоң сумма.
«Сегиз ай тергедик, эки күн алдың чыгардык. Райымбек Матраимов акыркы жолу мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар акча төлөп, анан чыкты. Бул 2 млн доллар эмес, 20 млн доллар эмес, 200 млн доллар. Бул жерде бизнес кылган депутаттар билет, кандай сумма экенин. Сом менен эсептегенде 17 млрд сом болот. Бул акыркы чыкканда төлөдү, буга чейинкисинде дээрлик 2,5 млрд сом төлөгөн. Ошону менен 19,5 млрд сомду бюджетке төктү. Туура, анын баарын накталай берген жок, мүлк менен да төлөдү. Биз анын баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан баада кылып алдык» , — деди Ташиев.