ТИМ: Татарстандагы кыргызстандыктардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

21-декабрда эртең менен Татарстандын борборуна учкучсуз учуучу аппараттардан чабуул жасалган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чабуул негизинен Казандагы жарандык инфраструктуралык объектилерге багытталган.

«Расмий маалыматтар боюнча, 8 учкучсуз учак турак-жайларга жана өнөр жай ишканасына кол салган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана каза болгондор жок», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Башкы консулдугу кырдаалга мониторинг кылууну жана кыргызстандыктардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

23 Декабрь 2024 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча