Тогуз-Торо райондук милициясына жаңы жетекчи дайындалды

Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, Элмир Эдилбаев Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Күн мурун Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары Азамат Ибраев жаңы жетекчини Тогуз-Торо РИИБдин өздүк курамына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Элмир Эдилбаев буга чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми Тогуз-Торо РИИБдин мурдагы жетекчиси Кадыров Руслан Ички иштер министрлигине которулуп кеткен.

5 Декабрь 2024 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча