
Токойлордон өрт чалган Лос-Анжелесте катуу шамал күтүлүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү синоптиктер кабарлашты. Өрт өчүрүүчүлөр учурда Калифорниянын түштүгүндө төрт жерде тилсиз жоо менен күрөшүн улантып жатышат.
Кырсыктан 24 киши каза тапканы дүйшөмбү күнү кабарланган. Дагы 23 киши дайынсыз болууда. Ага чейин 16 киши табылбай жатканы кабарланган.
Метеорология кызматы шамалдын ылдамдыгы саатына 113 километрге жетиши мүмкүн экенин эскертишти. Бул өрттүн башка жерлерде да тутанышына алып келиши ыктымал.
Лос-Анжелестин мэри Карен Бас прогноздор «шамалдын күчү ураганга жакын болушу мүмкүн» деп айтты.