Жалал-Абад облусундагы Токтогул ГЭСине баруучу ички чарбалык жолго таш кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, аталган жолго болжол менен 105 куб метр таш кулаган. Жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.
“Мындан сырткары, айланма жол бар. Жеринде Токтогул ГЭСинен 3 оор жүк ташуучу унаа, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.