Топчубек Тургуналиев каза болду

Коомдук ишмер, саясатчы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти Топчубек Тургуналиев дүйнө салды.

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. Жогорку билимди Москвадагы Мамлекеттик маданият институтунда алып, кандидаттык диссертациясын Москва мамлекеттик университетинде жактаган.

Тургуналиев 1990-жылдардагы коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып, ошол кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) уюштуруучулардын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар бою жетектеген.

Ал 2019-жылдан 2021-жылга чейин «Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясын жетектеген.

15 Ноябрь 2023 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча