Транспорт министринин милдетин Сыргабаев аткарат

Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун башка Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сыргабаев Абсаттар Токтогулович Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

11 Июль 2024 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча