
Tunduk колдонмосунда жаңы кызматтардын тизмеси көбөйдү. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, эми сиз электрондук форматта төмөнкү маалымкаттарды ала аласыз:
психиатриялык диспансердик эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат;
наркологиялык эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат.
Бул маалымкаттар:
Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн алынат;
юридикалык күчкө ээ;
күнү-түнү жеткиликтүү;
мамлекеттик жана жеке уюмдар тарабынан кагаз түрүндө талап кылынбастан кабыл алынууга тийиш.