Тыныбекова дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча, кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды.

UWW 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95,575 упай чогултканын белгилеген.

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынан Кыргызстан үчүн алгачкы алтынды утуп тарых жаратса, быйыл үчүнчү ирет алтын тагынып өлкө тарыхын жаңылады.

20 Декабрь 2023 жыл 8:50

Тема боюнча