
Учурда “Түндүк” тиркемесинде 70тен ашуун онлайн кызматтар жеткиликтүү. Бул тууралуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Аманов билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү дагы бир нече кызмат жеткиликтүү болот.
“Алардын бири бул Мамлекеттик ипотекалык компанияга үй алууга кезекке туруу кызматы. Ошондой эле убактылуу каттоо кызматы чыгат. Бул кызматтар жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө багытталган. Кызматтар санарип түрүндө берилип, мекемелерге жеке кайрылуунун зарылдыгы жок. Алар смартфон аркылуу 24/7 жеткиликтүү жана толук юридикалык күчкө ээ”,-деди ал.