
УКМК кыймылсыз мүлкүн алдатып жиберген жаранга батирин кайтарып берди. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шылуундар 66 жаштагы жарандын батирин риелтордук компанияга саттырышкан.
«Өздөрүн Улуттук банктын өкүлү, ИИМдин тергөөчүсү жана УКМКнын кызматкери катары тааныштырып жабырлануучуга телефон чалышкан. Ар кандай жолдор менен аны риелтордук компанияга батирин өз баасынан арзан саттырышкан. Алдамчылар акчаны алууну пландап жатканда жабырлануучу шектенип УКМКга кайрылган. Натыйжада кимдер телефон чалганы аныкталып, номер клон экени белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында риелтордук компания батирди кайтарып берүүгө макул болгону кошумчаланды. Ошондой эле кылмышкерлер өзүлөрүнүн алдамчылыгы үчүн жасалма интеллектини пайдаланганы белгиленди.
УКМК жарандарды шылуундарга алданбоого чакырып, шектүү чалуулар болсо тезинен укук коргоо органдарына кайрылууну эскертти.