УКМК: Баңгизат боюнча жалаа жапкан тергөөчүлөр жана аларга жардам бергендер кармалды

Жалал-Абадда баңгизат боюнча жалаа жапкан тергөөчүлөр жана аларга жардам бергендер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, алар ушинтип баңгизаттар менен күрөшүү статистикасын жакшыртмакчы болушкан.

«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Б.У.А., Ю.К.М. аттуу кызматкерлери жана Базар-Коргон РИИБинин тергөөчүсү А.А.А. Жалал-Абад облусунун тургундары Т.у.Т., П.Н.Х. жана түрмөдөгү А.А.А. аттуу жарандардын жардамы менен И.Н.С. аттуу тургунга жалаа жабышкан. Тагыраагы, Т.у.Т милициянын көрсөтмөсү менен Базар-Коргондогу кароосуз калган үйгө «марихуана» жашырган. Бул тымызын ишти билбеген И.Н.С. желим баштыкты таап, милиция кызматкерине берген. Алар муну «уюштурулган сатып алуу» катары сыпатташып, жабырлануучу үч айдан ашык тергөө абагында мыйзамсыз кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун көрсөтмөсү эске алынбай, ага кысым көрсөтүлүп, моюнга алдыртышкан. Бирок ал сот тарабынан акталган.
УКМК 24-апрелде ИИМдин кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М. жана А.А.А., ошондой эле алардын шериктери Т.у.Т. жана П.Н.Х. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.

30 Апрель 2025 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча