Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл делген адамдын тууганы Ж.Ы. кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 13-августта тараткан маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишине «Дордой» соода базарында жайгашкан «Береке» базарынын администраторунун катышы барлыгы аныкталган.
«Мурда кармалган Ы.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топ башчысы Э.Мамбеталиев менен туугандык байланышы бар Ж.Ы. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, Н.Ж. аттуу жарандан коркутуу жолу менен «Береке» базарын мыйзамсыз тартып алышкан. Алар базарга ээлик кылуучу документтерди тартып алып, өзүнө күч колдонуларын айтып коркутушкан», — деп жазылган маалыматта.
Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, базардан түшкөн кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду колдоого жана кылмыштуу аракеттерди уюштурууга жумшалып келген.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда бул иштерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.