
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты У.С.И. коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында ал 1995-1996-жылдары “Кыргызтрансавто” мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турганда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен “Токчулук” мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттен сатып алганы айтылат. Андан тышкары мурдагы Балыкчы эт комбинатынын мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке өткөргөнү аныкталган. Бул мүлктүн баасы 626 млн сом деп эсептелген.
УКМК бул коррупциялык схемага башка адамдардын катышы бар-жогу текшерилип жатканын кошумчалап, кармалган мурдагы чиновниктин аты-жөнүн толук жарыялаган жок.
Бирок ал Урманаев Султан Исакунович экени айтылууда. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет.