УКМК: Кыргыздар менен кытайлар массалык түрдө үйлөнүп жатканы тууралуу маалымат жалган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргызстандыктардын кытай жарандары менен никелешкен учурлары кескин көбөйгөнү тууралуу сөздөрдү төгүндөдү. Социалдык тармактарда жалган маалымат таратып, улут аралык кастыкты козуткандар жазага тартыларын эскертти.

«Социалдык тармактарда кыргыз-кытай жарандары никелешкен учурлар кескин көбөйгөнү тууралуу чагымчыл жана негизсиз маалыматтар тарап жатканына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт: 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт, алардын көпчүлүк бөлүгү КЭР жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын жана башка өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөн. Титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктар никелешкен 44 учур болгон, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткен. Бул процесстер Кыргызстандагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт. УКМК расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет», -деп жазылган маалыматта.

3 Декабрь 2025 жыл 16:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча