Украина менен Орусия 25тен туткун алмашышты

15-январда Украина менен Орусия туткундарды алмашты. Украин президенти Владимир Зеленский Телеграмга жазгандай, 25 украиналык туткун мекенине кайтты. Киев Орусияга 25 кишини өткөрүп берди. Бул быйыл жыл башынан берки эки тараптын биринчи туткун алмашуу жараяны.

«Бүгүн биздин дагы 25 адам Украинага кайтып келди. Булар биздин аскерлер жана жарандар. Алардын арасында Мариупол менен Азовсталды, ошондой эле Харьков, Донбас, Запорожье, Херсон облустарын коргогон жоокерлер бар. Арасында оор жаракат алгандар бар. Ар бирине бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат украин президентинин телеграм баракчасында.

Зеленский туткун алмашуу Бириккен Араб Эмираттарынын жардамы менен ишке ашканын кошумчалады. 25тен туткун алмашуу болгонун Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктады.

16 Январь 2025 жыл 12:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча