Улуттук банк жарандарды жеңилдетилген насыя берүүнү убадалаган алдамчылардан сак болууну эскертти.
Финансылык жөнгө салуучу органдан белгилешкендей, алдамчылар Улуттук банктын атынан жарандарга жеңилдетилген шарттарда насыя берүү жөнүндө маалыматты таратып жатышат.
«Белгисиз адамдар Telegram месенджери аркылуу жарандарга пайдалуу шарттар менен жеңилдетилген насыя алууга көмөк көрсөтүүнү убада кылышууда.
Ишенимге кирүү үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди, тактап айтканда, Улуттук банктан алынган лицензияны көрсөтүшөт. Андан кийин алдамчылар камсыздандыруу, комиссия сыяктуу ар кандай шылтоо менен жарандарга акча которуу зарылдыгын айтышып, жасалма кредиттик келишимди жөнөтүп жатышат.
Ушуга байланыштуу Улуттук банк бул кезектеги алдамчылык схема экендигин эскертет. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоңуз! Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Улуттук банк жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка кредит бербейт.