
Салык системасындагы реформалардын негизинде унаа салыгы жоюлуп, ордуна жол салыгы кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Кабар” агенттигинин “Кабарда маек” программасында билдирди.
Ысабековдун айтымында, президент Садыр Жапаровдун көзөмөлү астында салык реформасы уланууда.
“Жарандардын жана ишкерлердин жүгүн жеңилдетүү максатында бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүп, административдик көзөмөл да күчөтүлүп жатат. Буга чейин жарандар унааларын ишеним каттын негизинде саткан учурлар көп кездешчү. Бул учурда унаанын салыгы мурунку ээсине жазыла берет. Ал албетте, төлөбөйм деп баш тартат. Же болбосо иштен чыгып калган унаалар базада катталып, аларга салык чегериле берет. Жарандардын арасында мына ушундай көйгөйлөр көп болуп, андан сырткары төлөбөй койгондорго ИИМ менен рейдге чыгуу деген убаракерчиликтер да болчу эле. Мына ушундан улам мындай маселелер чечилсин деген тапшырма коюлган эле. Мунун негизинде унаа салыгы жоюлуп, 2025-жылдын 1-январына чейин катталган карыздар жокко чыгарылды”, — деди ал.
“Анын ордуна күйүүчү майдын 1 литрине 1 сомдон кошулуучу жол салыгы киргизилди. Ал эми ал Жол фондуна түшүп турат. Баарыбыз көрүп жаткандай акыркы убактарда республика боюнча жолдор салынып, оңдолуп жатат. 1 млрд 300 млн сом унаа салыгы жергиликтүү бюджетке түшпөй калат деген чочулоолор бар. Бирок андай эмес. План боюнча аларга киреше салыгы сыяктуу башка салыктар түшүүдө”, — деп кошумчалады Ысабеков.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш калктын жана ишкерлер чөйрөсүнүн оорчулугун жеңилдетүү максатында мыйзам долбоорун кабыл алды. Салык кодексине калктын жана бизнес чөйрөсүнүн кызыкчылыгын көздөгөн ондон ашуун толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. Бул багытта атайын президент Садыр Жапаровдун жарлыгы дагы чыккан.