
Вьетнамда кеме чөгүп, 10 адам жоголгону маалымдалды. Бул тууралуу Известия гезити VnExpress басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, Cong Thanh кемеси Вунганг портунда кырсыкка учураган. Анда 10 киши дайынсыз жоголуп, экипаждын бир мүчөсү табылды.
Куангнинь провинциясынан 4,9 тонна көмүр ташып бара жаткан кеменин бортунда 11 экипаж мүчөсү болгон.
Кеме портко жакындап калганда кыймылдаткычы бузулганы аныкталган. Кырсык жөнүндө билдирүү берилгенден кийин экипаж мүчөлөрүнүн бардыгы өз алдынча эвакуация болууга аракет кылышкан.
Учурда куткаруу иш-чаралары жүрүүдө.
Метеорологиялык кызматтардын маалыматы боюнча, кеме кырсыкка учураган райондо тынымсыз жаан жаап жатат. Издөө иштерине аба ырайынын бузулушу тоскоолдук жаратууда.