Ысык-Атада өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды

Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Анда Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 2 аял киши жана 1 кыз жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн жана жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

23 Январь 2026 жыл 11:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча