Ысык-Көлдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 саан уй торпогу менен берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 баш музоолуу саан уйлар берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты.

Бул демилге «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан ишке ашырылды.

Саан уй жана музоолор түрүндө берилген кайтарымсыз жардамды жалпы 200 аялуу катмардагы үй-бүлө алды. Алардын ичинен 85 үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпул алат: Түп районунда — 61 үй-бүлө, Ак-Суу районунда — 24 үй-бүлө.

«Кумтор Голд Компани» тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлор социалдык контракт механизми аркылуу мамлекеттик колдоо менен айкалышып, жакырчылык менен күрөшүүдө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууда мамлекеттик жана жеке секторлордун натыйжалуу кызматташуусунун үлгүсү болуп кызмат кылууда.

19 Май 2025 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча