Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын аймагын түзүү пландалууда

Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын инвестициялык аймагын түзүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги даярдады.

Маалыматка ылайык, ал ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өндүрүш, туризм, курорттук тейлөө, транспорттук инфраструктура сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

“Инвестициялык аймак Ысык-Көл облусунда жайгашып, туризм жана логистика багытында жогорку потенциалы болот. Анда өзгөчө укуктук режим болуп, ишкердик үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул режимге салыктык жана укуктук жеңилдиктер, мисалы, киреше жана мүлк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн жеңил шарттар жана валюта операцияларынын эркиндиги кирет”, —деп жазылган документтин негиздемесинде.

Министрлик мындай финансылык борборлор Дубайда (DIFC) жана Астанада (AIFC) ийгиликтүү колдонулуп жатканын белгилеген.

“Келечекте “Тамчы” атайын инвестициялык аймагы дүйнөлүк деңгээлде атаандаша ала турган, ошол эле учурда улуттук өнүгүү стратегиясына шайкеш интеграцияланган экономикалык моделдин үлгүсү болот”, — деп жазылган маалыматта.

Аймакта төмөнкүлөргө уруксат берилет:

инвестициялык, финансылык жана корпоративдик кызматтарды көрсөтүүгө;

бардык категориядагы камсыздандыруу ишмердүүлүгүнө;

баалуу металлдар, кагаздар, акциялар, облигациялар жана башка финансылык активдер менен соодалоого;

казино жана башка оюн-зоок, кумар иштерине;

туристтик агенттиктерди ачып, иш-чараларды жана эс алуу кызматтарын уюштурууга;

чет элдик валютаны эркин жүгүртүүгө;

чет өлкөлүк жумушчуларды уруксатсыз тартууга болот.

Ошондой эле аталган аймакта өзгөчө визалык, бажылык режим иштейт. Алсак, бул аймакта иш жүргүзгөн чет өлкөлүктөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү беш жылга чейин “Тамчы” АИАнын кирүү визасын алууга укуктуу.

5 Май 2025 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча