Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 369 кыргызстандык билим алууда

2024-2025-окуу жылында Өзбекстандын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын 369 жараны билим алууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, учурда өзбек жогорку окуу жайларында жалпы 12,5 миң чет элдик студент билим алууда. Алардын эң көбүн — 6502 студентти — Индия жарандары түзөт. Экинчи орунда — Түркмөнстан (1430 студент), андан кийин Пакистан (1250 студент) орун алган.

Мындан тышкары, Өзбекстанда Россиядан — 732, Казакстандан — 639, Кытайдан — 325, Тажикстандан — 322, Түштүк Кореядан — 197, Афганистандан — 157, Канадан — 126 студент окуп жатат. Дагы 431 студент башка өлкөлөрдөн келген.

Кыргызстан Өзбекстандын жогорку окуу жайларын тандаган чет элдик студенттердин саны боюнча алдыңкы он мамлекеттин катарына кирет.

13 Май 2025 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча