Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду

Ош облустук милициясы Өзгөн районунда окуучулар мушташып, бирөө жараат алып ооруканага түшкөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 17 жаштагы К.Э. аттуу бала ооруканага түшкөнү 14-февралда кабарланган.

“Окуя боюнча териштирүү учурунда, күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Эни ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришкен”, — деп жазылган маалыматта.

Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

17 Февраль 2025 жыл 13:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча