Жөө жүргөндөр жол кырсыгына себепкер болгон учур көп катталууда

Жөө жүргөндөр жол кырсыгына себепкер болгон учур көп катталууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон.

“Жол кырсыгына айдоочу эмес, жөө бараткан адам себепкер болгон учурлар көп. 10-15 метр ары турган өтмөккө баскандан эринип, көрсөтүлгөн жерден өтпөстөн туура эмес жерден чуркап чыга калышат. Буга карата жол кырсыктарын алдын алуу багытында “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейддин жүрүшүндө жөө жүргөн адамдар арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”,-деди ал.

25 Февраль 2025 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча