Жаңы ачылган Өзгөн айланма жолу убактылуу жабылды

Ош облусундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү акы алына турган жаңы автоунаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-декабрдагы жыйынында белгилүү болду.

Депутаттар Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков маселе көтөрүп, аларга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев жооп берди. Ал автоматташтырылган системадан мүчүлүштүк кетип жолду убактылуу жапканга туура келгенин, ушул жуманын аягында кайра ачыла турганын айтты.

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автоунаа жолу 6-декабрда ачылып, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

10 Декабрь 2024 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча